Марал Радиосу

Жалал-Абадда зордук-зомбулукка каршы иштер жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 16-мартта Ала-Бука жана Чаткал аймактарында райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, ага эки райондун 200дөй тургуну катышып, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Милиция кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштын жана топтошуп мушташуулардын алдын алуу багытында биргелешип иштөө зарылдыгы айтылды. Коомчулукка жат көрүнүштөргө күбө болгондор кайдыгер карабай, тез арада милицияга билдирүү керектиги белгиленди.

Алар район аймагындагы айылдарды кыдырышып, жергиликтүү тургундар менен жакындан баарлашып, кызыктырган суроолоруна жоопторду беришүүдө.