Марал Радиосу

Анклавдар менен алака кылууда абайлоо зарыл

12-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин Ташкент шаарындагы жолугушуусунда чек ара маселелери боюнча сөз козголгон. Ошол эле күнү Кыргызстан президентинин маалымат катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун иш сапарынын жыйынтыгы жөнүндө маалымат таратып, Өзбек тарап Аксы районундагы Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстандан мындан ары талашпай турганын кабарлаган. Ошол эле учурда Кыргыз бийлиги Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу эркин каттай ала турганын билдирген. Тактап айтканда, Баткен облусу аркылуу Сох-Риштан багыты боюнча коридор ачылары айтылган. Кыргызстандыктар бул сөздөргө карата нааразылыгын билдирип, анын кесепетинен Баткен, Лейлек райондору, Сүлүктү шаары толугу менен анклавда калуу коркунучу бар экенине тынчсызданышкан. Андан көп өтпөй бул мааалымат расмий сайттан өчүрүлүп, Сох-Риштан багытында аба каттамы гана ачылары маалымдалды.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков «Марал» радиосуна берген маегинде эгерде өзбек тарап Сох-Риштан жолун ача турган болсо, Баткен толугу менен анклав болуп каларын, бийликтин мындай билдирүүлөрү жөн жеринен айтылбай турганын белгиледи.

«Мамлекеттик жана эл аралык саясатта эч бир нерсе жөн эле айтыла бербейт. Ар бир сөзгө, ар бир сүйлөмгө терең маани берип, талдап көрүү керек. Өзбекстан Сохко мурдатан эле аэропортту салып баштаган. Февралда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушканда, «Бизден уруксат сурабай ишти баштады, эмнеге нота жиберип, реакция кылган жоксуңар?» — деген суроо бергенбиз. Андан бери да эч кандай реакция жасаган жок. Демек, алдын ала сүйлөшүлгөн, эл билбеген маалыматтар бар. Чындыкты толук ача койбой, аз-аздан элди көндүрүп, кийин акырын ишке ашырып коюп жатат. Мисалы, Ала-Букадагы жердин алмашылганын да эл билген эмес экен. Өзбекстандын чек ара боюнча саясаты узак мөөнөттүү, туруктуу, а бизде андай саясат жок», — дейт Исаков.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитовдун пикиринде, аталган коридорду ачып берүү Кыргызстан үчүн чоң утулууга алып келет.

«Баткен аркылуу коридор берүү туура эмес. Биринчиден, Баткен, Лейлек райондору, Сүлүктү шаары толугу менен анклавда калып калат. Экинчиден, алар Сох-Риштан багыты боюнча коридорду дарыянын боюнан сурап жатпайбы. Муну менен коңшу өлкө сууну толук көзөмөлгө алганга шарт түзүлөт. Биздин стратегиялык жолду да көзөмөлдөп калат. Ушундай эле жагдай Ворухта да бар. Алар анклавды өзүнүн негизги аймагына бириктирүүгө аракет кылып келет. Эгерде тараптар коридор тууралуу сүйлөшкөн болсо, ал туура эмес», — дейт Айжигитов.

Айжигитов Сох району Өзбекстан үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилейт. Анткени райондо жалпы 70 миңге жакын адам жашап, аймагында мунай, газ сыяктуу кендер бар. Мындан тышкары өлкө аймагындагы коңшу мамлекеттердин эксклавдары менен мамиле түзүүдө дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу зарылдыгын кошумчалады.

«Дүйнө жүзүндө колдонулуп келген анклавдардын өзгөчө режимин колдонуу керек. Ал үчүн биринчи, СССР тараганда 1990-жылдары «көрсөтүлгөн жерлер чек ара деп эсептелсин» деп, Минск, Алматы келишимдерине кол коюлган. Ага азыркы КМШдагы өлкөлөрдүн президенттери кол коюп, парламенттери ратификациялаган. Бул — чек ара боюнча бирден-бир юридикалык документ. Ошол документти негиз кылып, административдик чек араны делимитация кылып, такталгандан кийин анклавдардын өзгөчө режимин киргизүү керек. Бул режимде анклавдын төрт жагы ачык жана кирип-чыгуу эркин болот. Алар биз аркылуу өз өлкөсүнө өтүп кете берет. Бирок ал жерде оор куралдануу болбошу керек. Болгону, өткөрмө пункттарында укук коргоо, чек ара, бажы кызматынын көзөмөлүнөн өтүшү керек. Биз Минск менен Алматыдагы келишимдерге таянып, чек араны такташыбыз керек. Ал эми жер алмашуу деген болбогон нерсе. Буга кыргыз тарап макул болгону менен кошуналар макул болбой жатат. Көп убакытты кетирбей, мурда эле ушуга таянып бүтүрүү керек болчу. Тилекке каршы, мен кызматта турган кезде бул ишти аткарттырбай, кызматтан кетиришкен», — дейт Айжигитов.

Ал эми чек ара маселеси боюнча адис 1997-2010-жылдары Өкмөткө караштуу Чөлкөмдүк маселелер агенттигинин башчысы болуп иштеген Саламат Аламанов карта менен чек араны толук чечүү мүмкүн эмес экенин айтат.

«Өзбектер кезинде коридор үчүн чоң жерди сураган. Биз ал маселени талкуулагандан баш тартканбыз. Сохко коридор ачуунун кажети жок. Мурдагы эле колдонуп келген жол менен, ошол эле тартипте өтө бериши керек. Дүйнөдө 300дөн ашык анклав бар. Коңшу мамлекеттердин бири-бири менен жакшы алакада болушу үчүн анклавдар боюнча орток келишим болушу керек. Анклавдагы адамдар өз мамлекетине тоскоолдуксуз барып келе тургандай шарт түзүлүшү керек. Анан чек араны бөлүүдө толугу менен картага таяп коюу мүмкүн эмес. Чек ара аймагындагы учурдагы шартты да карап көрүү керек», — дейт Аламанов.

Белгилей кетсек, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара сызыгы 2017-жылкы макулдашуунун негизинде 1170 чакырымы такталган, андан бери дагы 10 пайызга жакыны такталганы айтылып келет.