Марал Радиосу

«Ырааттуу саясаттын жоктугунан — көп көйгөй чыгууда»

Мамлекеттик ырааттуу саясаттын жоктугунан — көп көйгөй чыгууда. Мындай пикирин «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёв чет жактан арзан насыяларды алып, өзбек ишкерлерине субсидияларды берип жатат.

Насыя арзан баада берилсе, ага өндүрүлгөн продукция да арзан болот. Ал эми Кыргызстанда айыл чарба багытындагы насыялардын пайыздык чендери жогору.

«Ишкерлер күнөскана салып, азык-түлүк өндүрө баштаганда, Өзбекстандын арзан азык-түлүгү базарларды каптап кетти. Ишкерлер банкротко учурады. Бул да болсо мамлекеттик ырааттуу саясаттын жоктугунан улам келип чыгууда», — дейт Исаков.