Марал Радиосу

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге 5 млн сом айып пул салынды

Бишкек шаардык соту Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди 5 млн сом айыпка жыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өмүралиев жана башка адамдар Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 304-беренесинин 2-4-бөлүктөрү менен (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) күнөөлүү деп табылды. Өмүралиев мамлекеттин пайдасына 5 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Калган айыпталуучуларга кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген жок.

Өмүралиев өкүмгө макул болбосо, Жогорку Сотко даттана алат.