Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда бензин кымбаттап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 660 | 0

Дүйшөмбү шаарында марттын башында 7 сомони 20 дирамдан (53 сом) сатылып жаткан бензин учурда 8 сомони 80 дирамга (65 сом), Тажикстандын айрым аймактарында 9 сомониге (67 сомдон) чыкты.

Тажикстандын Монополияга каршы агенттиги Казакстан күйүүчү майдын экспортун кыскартканын, буга байланыштуу өлкөдө кымбатчылык өкүм сүрүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, соңку үч ай аралыгында бензинден тышкары дизель 23%, суюлтулган газ 13% кымбаттаган.

Бул арада казак басылмалары Атырау шаарындагы суюлтулган газ өндүрүүчү завод капиталдык оңдоп-түзөөгө байланыштуу ишин убактылууу токтотконун жазышты. Тажикстан суюлтулган газ менен күйүүчү майлардын 90%ын Казакстандан сатып алат.

Ушул тапта өлкөгө Орусиядан бензин жеткирилүүдө.

Тажикстанда күйүүчү-майлоочу майларды сатууну бир нече компания, анын ичинде «Газпронефть Тажикстан» көзөмөлдөйт.

Copyright © 2017 Maral FM