Марал Радиосу

Бишкек – Торугарт жолунда 4 унаа кагышып, эки адам каза болду

ДТП на Люстдорфской дороге в Одессе 26 сентября 2008 г.

Бүгүн, 15-мартта Бишкек – Торугарт жолунун Кемин шаарчасындагы айлампасынан 4 унаа кагышты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда жерине Тез жардам кызматы жана ЖКККББнын кызматкерлери барган. Тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Хонда Инспайер» унаасындагы 37 жаштагы аял жана үч жаштагы кыз каза тапкан.

Кошумча маалымат берилет.