Марал Радиосу

Өтмөк ашуусунда бороон-чапкын күч алды

Аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Талас унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда бороон-чапкын күч алды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалар ар кайсы жерде 15-20 мүнөттүк тыгындарды пайда кылууда.

Техникалар күнү-түнү тынбай иштеп жатат. Атайын кызматкерлер жолдорго кум себүүдө. Кырдаал боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Жол кайгуул кызматына маалымат берилген.