Марал Радиосу

Казакстанда учак кулап, төрт адам каза болду

Казакстандын Алматы шаарындагы аэропорт тараптан АН-26 аскердик учагы кулады. Маалымат боюнча, кырсык 13-мартта саат 17:40 чамасында  болгон.

Ал Нур-Султан — Алматы багыты менен бара жаткан. Учуп-конуу тилкесиндеги кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учак конуп жатып кулап түшүшү мүмкүн экендиги айтылууда. Кыйроонун себептери азырынча так аныктала элек.

«Азаттык» радиосунун казак кызматы учак Казакстандын чек ара кызматына таандык экендигин билдирди.