Марал Радиосу

Жалал-Абадда төрт млн сомдук мыйзамсыз алкоголь аныкталды

Жалал-Абад облусундагы текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо, лицензиясыз жана уруксат документтери жок сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Жалпы баасы 4 млн сомдон ашык 30 миң 168 бөтөлкө алкоголдук ичимдик жүгүртүүдөн алынып салынды. Тактап айтканда, эки дүкөндөн күмөндүү акциздик маркалар менен 7 миң 300 бөтөлкө алкоголь табылды. Мындан тышкары лицензиясыз жана уруксат кагазы жок сатып жаткан ири кампалар аныкталып, 22 миң 868 бөтөлкө ичимдик тартылып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.