Марал Радиосу

УКМК: Ош шаарындагы №1 милиция бөлүмүнүн жетекчиси камалды

Ош шаарындагы №1 милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз акча чогултканы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган милиция бөлүмүнүн жетекчиси базардагы соодагерлердин ар биринен ай сайын 6-7 миң сомдон алып турган. Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда мурда пара катары берилген акчалар табылып алынган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бөлүмдүн башчысы, милициянын подполковниги Турдубек Токобаев кармалды.

Учурда УКМК тарабынан керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version