Марал Радиосу

Бразилия: Акыркы суткада 80 миңге чукул адам коронавирус жугузган

Бразилияда акыркы суткада 80 миңге чукул адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, акыркы бир суткада өлкө боюнча 79 876 адамдын оору жугузуп алганы тастыкталган. Муну менен пандемия башталгандан бери Бразилияда вируска кабылгандардын жалпы саны 11,2 млн адамга жетти.

Министрлик билдиргендей, акыркы суткада пандемия башталгандан берки эң көп өлүм учуру катталып, бир күндө 2 286 бейтап каза тапкан.

Өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 270 656 адамды түздү.