Марал Радиосу

Бурун Аманова ант берип, депутаттык кызматына киришти

Бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Бурун Аманова ант берип, депутаттык кызматына киришти. Ага Борбордук шайлоо комиссиясы 7-мартта депутаттык мандатын жана төш белгисин тапшырган.

Бурун Аманова Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын буга чейинки депутаты Гүлнара-Клара Саматтын ордуна келди.

Гүлнара-Клара Самат 22-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.