Марал Радиосу

«Этникалык кыргыздар үчүн жарандык алуунун шарттары жеңил»

Этникалык кыргыздар үчүн жарандык алуунун шарттары жеңил. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, этникалык кыргыздар башкаларга салыштырмалуу жарандыкты батыраак ала алышат. Жарандык алган соң, паспорт алууга болот.

Башка өлкөнүн жарандыгын алып, бирок Кыргызстанда жашоону каалагандар үчүн «Мекен карт» иштелүүдө. Ал документти Кыргызстандын жараны болуп эсептелбеген этникалык кыргыздар да ала алышат.

Айта кетсек, экспреттик баалоолор боюнча Кыргызстанда 10 миңден ашык этникалык кыргыз жарандык же кайрылман макамын алуу үчүн документтерин бере албай жүрөт.

“Этникалык кыргыздар боюнча мыйзамдын аткарылуусунда бир топ мүчүлүшүктөр бар”

Exit mobile version