Марал Радиосу

«Эми элчиликтерден ID-паспортторду алууга болот»

Эми элчиликтерден ID-паспортторду алууга болот. Тийиштүү токтомго кечээ, 10-мартта кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, элчиликтерден айдоочулук күбөлүк алуу боюнча токтомго да кол коюлары күтүлүүдө.

Буга чейин элчиликтерде жалпы жарандык паспорт менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк гана берип келишкен.