Марал Радиосу

Марипов түрк министри менен соода-экономикалык кызматташууну талкуулады

Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн, 11-мартта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

Анда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелерине быйыл отуз жыл толорун айтып, акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук мамилелерди мындан ары дагы чыңдоо жөнүндө макулдашты.