Марал Радиосу

«Үч документтин электрондук түрү иштелип чыгат»

Пилоттук долбоор катары айдоочулук күбөлүк, унаанын техникалык паспорту, ID-паспорттун электрондук түрү иштелип чыгат. Тагыраагы, документтер атайын мобилдик тиркемеге жайгаштырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор бир жылга эсептелип, алгачкы натыйжасын Бишкек шаарында байкап көрүү каралууда.

Мамлекеттик каттоо кызматы иштеп чыккан долбоорду ишке ашырууга Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы көмөктөшөт.

Унаа ээлери мобилдик тиркеменин жардамы менен айдоочулук күбөлүктүн жана унаасын каттаткан күбөлүктүн электрондук түрүнө өтө алышат.

Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматын санариптештирүүнүн алкагында 80ден ашуун долбоорду ишке ашырганын, мекеме бардык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүүгө шарт түзгөнүн кошумчалады.