Марал Радиосу

Италияда акысыз тамак алуу үчүн кезек күткөндөр көбөйүүдө

Италиянын Милан шаарындагы көчөдө жүздөгөн адам акысыз тамак алуу үчүн кезекте турушат. Бул тууралуу «Euronews» басылмасы жазды.

Күн сайын 3 миңден ашык адам «Pane Quotidiano» жергиликтүү кайрымдуулук уюуму уюштурган тамак таркатуучу эки пунтка келишет.

«Жумушсуз 1 жылдан ашык жашап болбойт. Чогулткан каражатымдын баары түгөндү», — дейт жергиликтүү тургун.

Көпчүлүк үчүн кезекте турган ыңгайсыз болгондуктан, беттерин жаап алышат. Алардын басымдуу бөлүгү өтө муктаж болгондуктан келип жаткандар экендиги айтылат маалыматта.

«Мындай жашоо мен үчүн эмес. Мен буга чейин эч качан акысыз тамак үчүн келген эмесмин, тилемчилик кылган эмесмин. Дайыма бул нерсени керексиз деп ойлочумун», — дейт дагы бир тургун.

Өткөн жылга салыштырмалуу Италияда жакырчылыкта жашагандардын саны миллионго өскөн жана учурда 5,6 млн адамга жетип, калктын 9,4 пайызын түзүүдө.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Италияда 3 миллиондон ашык адам коронавирус менен катталган, анын дээрлик 100,5 миңге жакыны көз жумган.