Марал Радиосу

Казакбаев: Түркия менен Кыргызстан жеке байланыштарын чыңдай алды

Президент Садыр Жапаровдун Анкарага жасай турган сапарынын алкагында 10го жакын стратегиялык келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Ал Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркиялык кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуу өткөрдү.

Казакбаевдин айтымында, Түркия менен Кыргызстан жеке байланыштарын чыңдай алды. Быйыл жай айында Ысык-Көлдө инвестициялык форум өткөрүү, кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынын ачылышы боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

«Түркияга барганда «Маариф» фонду менен келишимге кол коюлган. Жакын арада ал фонд келип, өлкөдө билим берүү мектептерин ача баштайт. Мындан сырткары, өлкө башчылары жолугушканда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода көлөмүн 1 млрд долларга чыгарабыз деген максат коюлган. Мевлүт Чавушоглу өзү менен чоң ишкерлерди ала келип, президент менен жолуктурду. Алдыда премьер-министр Улукбек Марипов жана министрлер менен жолугушуу болот», — деди Казакбаев.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.