Марал Радиосу

Токмок шаарында Ислам академиясы ачылат

Токмок шаарында Ислам академиясы салына баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук фондунун башкы директору Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алганда айтылды.

Ислам академиясынын пайдубалын түптөө 2020-жылы пландалган, бирок пандемиянын айынан долбоорду ишке ашыруу жылдырылган. Бүгүн Токмокто академиянын имаратынын пайдубалына капсула салынат.

Ислам академиясы 200дөй студентке ылайыкталган. Анын ичинен 150 студент магистратура жана докторантура программасы менен окуй турганы пландалган. Калган 50 орун даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстарына бөлүнгөн.

Бул жогорку окуу жайда диний сабактарды тереңдетип окутуу да камтылган. Светтик билим берүүгө багытталган магистратура жана докторантура программалары боюнча аралаш билим берүү караштырылат.

Академия үчүн Токмок шаарынан 2 гектар жер аянты бөлүнүп берилип, Билим берүү жана илим министрлигинин балансына алынган.

Жолугушууда президент Жапаров аталган фонддун өлкөдөгү социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаровдун пикиринде, диний билимдин сапатын жогорулатуу жана кадрларды академиялык деңгээлде даярдоо экстремизм, терроризм сыяктуу коркунучтардын алдын алууга жардам берет. Учурда Кыргызстан үчүн диний билим берүү актуалдуу маселе жана аны чечүү үчүн комплекстүү иш-чараларды кабыл алуу талап кылынат.