Марал Радиосу

Борбор Азиядагы мамлекеттерде коронавирус көрсөткүчү кандай?

Бүгүн, 10-мартка карата Кыргызстанда 34 адамдан коронавирус табылды. Анын 24ү Бишкекте, 10у Чүй облусунда аныкталды. Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 86 миң 640ка жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен Ош шаарында бир адам каза болуп, жалпы өлүм учурлары 1476ны түздү. Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан 60 бейтап айыкты. Пандемия башталгандан бери 83 миң 666 бейтап ооруну жеңди.

10-мартка карата ооруканаларда 294 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 11 адам өтө оор абалда, 82 адам оор абалда, 199 бейтап орто оордукта, 3 адамдын абалы канааттандыраарлык. Үй шартында 261 бейтап дарыланып жатат.

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 21 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 80268 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 78 994 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 55 киши айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 652 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 148 адам оор, 27 бейтап өтө оор абалда.

Акыркы сутка ичинде Казастанда 693 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус тастыкталды. Бир суткада жаңы катталган бейтаптардын саны боюнча алдыга чыккан Алматыда 160 адамдан, Нур-Султан шаарында 143 адамдан вирус аныкталган.

Муну менен Казакстанда жалпы 220 018 адамга коронавирус жукту.