Марал Радиосу

COVID-19: Орусияда бир суткада 466 бейтап каза тапты

Орусиянын аймагында бир суткада 9079 адамга коронвирус жукканы аныкталып, 466 бейтап көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Алардын ичинен 52 адам Санкт-Петербургда, 51 адам Москвада дарыланып жаткан.

Орусияда пандемия башталгандан бери 4 млн 351 миң 553 адам COVID-19га чалдыкан. Мунун ичинен 3 млн 945 миң 527 бейтап айыгып, 90 миң 275 бейтап көз жумган. Учурда ооруканаларда жана үй шартында 315 миң 751 бейтап дарыланып жатат.

Орусия дүйнөлүк статистикада COVID-19га чалдыккандар боюнча 4-орунда, ал эми каза табуулар боюнча 6-орунда турат.