Марал Радиосу

«Сапаттуу интернет колдонуучулар калктын 5%ын түзөт»

Кыргызстанда сапаттуу интернет колдонуучулар калктын 5%ын гана түзөт. Бул тууралуу «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талан Султанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнө калкынын 50%ы интернет колдонбойт. Анткени, же интернет колдонууну билишпейт, же интернет менен камсыз боло элек, же интернет колдонуу аларга кымбат.

Ал эми Кыргызстанда калктын 40%ы интернет колдонот. Сапаттуу интернет колдонуучулар калктын 5%ын гана түзөт.

«Замандан артта калбоо үчүн сапаттуу, зымдуу интернетти баарына жеткиришибиз кажет. Бул багытта иш алып барган компаниялар Кыргызстан менен иштешүүгө даяр. Мамлекет интернет аркылуу ишкердик кылам дегендерге колдоо көрсөтүшү керек», — дейт Султанов.

Ал буга кошумча, өнүккөн мамлекеттер сапаттуу кадрларды тартып кетип жатканын айтып, анын алдын алуу үчүн IT тармагында Кыргызстан жарандарына жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүгү жетерин белгиледи.