Марал Радиосу

Борбор Азиядагы коронавирус боюнча көрсөткүч

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 23 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Ал эми бир сутка ичинде 31 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 330 бейтап, амбулатордук түрдө 256 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 606 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 606 киши айыгып чыкса, 1 миң 475 адам каза болду.

Акыркы сутка ичинде Казакстандын аймагында 571 адамдан коронавирус тастыкталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 219 325 адамга коронавирус жукту.

Казакстанда дагы 464 адам COVID-19 илдетинен сакайып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен Казакстанда жалпы 202 миң 694 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.

Акыркы суткада Өзбекстандын аймагында дагы 28 адам коронавирус менен катталды. Алар: Анжиян, Самарканд жана Ташкент облустарынын, Ташкент шаарынын тургундары.

Муну менен Өзбекстанда жалпы 80 247 адамга коронавирус жукту. Учурда медициналык мекемелерде дарыланып жаткан 686 бейтаптын ичинен 148 киши оор, 27 адам өтө оор абалда.

Бир суткада 24 адам коронавирус илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Өзбекстанда жалпысынан 78 939 адам коронавирустан айыкты.