Марал Радиосу

«Митинг менен келген бийлик митингге тыюу салууда»

Көп учурда митинг менен келген бийлик митингдерди уюштурууга тыюу салат. Мындай пикирин журналист, эксперт Шаирбек Маматокторов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал чакан митингдерге тыюу салуу менен андан да чоңунун жаралышына өбөлгө түзүлөрүн кошумчалады.

«Ал азыркы бийлик да, Атамбаев да бийликти басып алды. Парадокс. Туура эмес жол менен алынган бийликтин жыйынтыгында конституциялык реформалар жүрүп, бир аз алдыга жылыштар болуп кетти. Бирок кийинчерээк өздөрү баштаган саясий процесстерге өздөрү каршы болуп, формалдуу түрдө Жээнбековго бийликти ыйгарып коюп, артынан өкмөт башчы болуп алса, укуктары кеңейет деген пландары болгон. Мындан улам Атамбаевдин күнөөлөрүн далилдөөдө Кой-Таштагы окуялар боюнча гана эмес, анын алгачкы саясий кыймылдарына баа берүү зарыл эле», — дейт Маматокторов.

Анын айтымында, өкмөт парламентке отчет бербесе, уурулук болот.

Учурда бийликке келгендердин асылганы эле — Башмыйзам. Кеп мыйзамдарда эмес, алардын аткарылуусунда.

Айта кетсек, ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылы нааразычылык акциясы, жүрүш жана митингдердин саны 880ди түзгөн.