Марал Радиосу

Орусия менен Беларусия биргелешкен аскердик машыгуу жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы биринчи орус-беларусь тактикалык машыгуусу 9-20-март күндөрү Ульяновск аймагындагы Поливно аскердик талаасында өтөт.

Орусия 400дөн ашуун аскер жана 100гө жакын аскер техникасын жиберет. Ал эми Беларусия 80ден ашуун аскерди машыктырат. Мындан тышкары, эки «Ми-24» согуштук тик учагы жана алты «Ми-8 АМТШ» транспорттук-согуштук тик учагы катышат.

Буга катар 15-27-март күндөрү Минск аймагындагы Осиповичский аскердик талаасында дагы бир машыгуу өтөт. Анда Орусия 90го жакын десант, Беларусия 400дөн ашуун аскер жана 100гө жакын согуштук жана атайын техника жөнөтөт.