Марал Радиосу

COVID-19: Вакцина жөнүндө маанилүү суроолорго жооп

Адистер коронавирустук вакцина жөнүндө улам жаңы маалыматтарды өздөштүрүп жатат. Бир жагынан пандемия бүтө элек жана күнүмдүк көрсөткүчтөр бардык мезгилдердин рекорддорун жаңыртууга салым кошууда. Бирок эмдөөлөр боюнча дагы деле суроолор бар, аларга адистер жооп беришүүдө.

Вакцина эмдөөдөн өтпөгөндөргө ооруну жугузбай коюудан сактайбы? (Эмделген адам ташуучу болуп калбайбы?)

Жооп: Азырынча тактала элек.

Блумберг коомдук саламаттыкты сактоо мектебинин Жонс Хопкинс атындагы эл аралык борборунун аткаруучу директору Уильям Мосстун айтымында, эмделген адамдардын ооруну симптомсуз эмделбегендерге жуктуруп алуу ыктымалдыгы боюнча изилдөө улантылууда.

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) тарабынан шашылыш түрдө колдонууга бекитилген 3-этаптагы вакциналарды тестирлөөнүн акыркы максаты — ооруну клиникалык жактан карап чыгуу, эмделген адамдардын оорунун алып жүрүүчүсү болуу мүмкүнчүлүгүн текшерүү эмес.

«Тесттер маселени башынан изилдөөнү көздөгөн эмес. «Вакцина — жуктуруп алуу коркунучун азайтат», — деп гана айта алабыз. Толугу менен коргойбу, аны убакыт көрсөтөт. Белгилүү болгондой, адамдагы вирустун көлөмү менен оорунун деңгээлинин ортосунда байланыш бар. Ошондой эле вакциналар ооруну жеңилдетип, илдеттен коргой турганын билебиз. Натыйжада, бул вакциналар адамдагы вирустун көлөмүн азайтып, аларды алып жүрүүчү болушуна жол бербейт», — дейт Мосс.

Андыктан эмдөөдөн өткөн болсоңуз да, башкаларга вирусту алып жүрүүчү болуп калбоо үчүн коомдук жайларда белгилүү бир эрежелерди (беткап кийүү, социалдык аралыкты сактоо жана колуңузду бат-баттан жуу ж.б.) сактоо маанилүү.

Вакцинаны алгандан кийин илдетке каршы иммунитет канчага жетет?

Жооп: Азырынча так эмес, бирок эксперттер бул кеминде бир жылга созуларын күтүп жатышат.

Эмдөөдөн кийинки иммунитеттин узактыгы да изилденүүдө.

«Бул тууралуу айта турганым, сыноолордун алгачкы этабында эмдөөдөн өткөн адамдарда нейтралдаштырылган иммунитеттин изи бар», — деди Түндүк Каролина университетинин профессору Рейчел Грэм.

«Иммунитеттин узактыгы жана анын коронавирустун таралышына тийгизген таасири жөнүндө биз алдыда боло турган тест этаптары аркылуу көбүрөөк биле алабыз. «Иммунитет бир жылга созулат» деген тыянакка келсек болот жана бул эмдөө сиздин жылдык эмдөө программаңыздын бир бөлүгү болот», — деп кошумчалады ал.

Коронавирус менен ооруган адамдар да эмделиши керекпи?

Жооп: Ооба.

Адистер белгилегендей, коронавирусу бар адамдар өзүн коргойбуз деп ойлошсо да, андай болбой калышы мүмкүн. Ооруга чалдыккандан кийин ага болгон иммундук реакция башкача болот.

Колумбия университетинин Мейлман ден соолук мектебинин эпидемиология боюнча профессору Сандра Альберхттин айтканына таянсак, коронавируска чалдыккандан кийин адамдар табигый жол менен ар башка реакция жасашат. Тагыраагы, айрымдарында антитело жок, кээ бирлеринде аз, ал эми башкаларда өтө жогору. Бирок табигый жол менен ооруп калгандан кийин кимдин кандай «кол тийбестикке» ээ болорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес.

«Адамдын организминин вакцинага болгон реакциясы, адамдар кандайча корголгону жөнүндө маалыматтарга ээбиз. Вакцинадан кийинки коргонуу деңгээли боюнча бизде ишеним жана чечкиндүүлүк бар. Табигый оорулар жөнүндө болсо, мындай маалымат жок. Ошондой эле коронавирусу бар адамдарга эмдөө жүргүзүү сунушталат. Бул — алардын чындыгында корголгонун текшерүүнүн бирден-бир жолу», — деди Мосс.

Аллергиясы бар адамдар да эмдөөдөн өтүшү керекпи?

Жооп: Ооба, бирок буга байланыштуу доктурга кайрылуу керек.

Грэм катуу аллергиялык реакциялар сейрек кездешерин белгилейт. Вакцина салыштырмалуу жаңы болгондуктан, саламаттыкты сактоо кызматкерлери препарат алгандан кийин бейтаптарды көзөмөлдөөнү улантышат.

«Коронавирустук вакцинанын ичиндеги бирден-бир аллерген — бул полиэтиленгликол», — дейт Грэм.

1 миллион дозага карата 11 катуу реакция болгон. Кимдир бирөөндө катуу реакция байкалса, медициналык адистер реакцияны тезинен жок кылуу чараларын көрүшөт.

«Аллергиялык реакцияларды жалпысынан дароо жок кылса болот. Ошондуктан эмделген адамдар ооруканадан дароо чыкпашы сунушталат», — деди Альберхт.

Вакцинациядан мурун кайсы вакцинага же дары-дармектерге аллергия, терс реакция болгонун дарыгериңизге айтуу өтө маанилүү.

Вакцина коронавирустук мутациялардан коргойбу?

Жооп: Эксперттер вакцина коронавирустук мутациялардан коргойт деп эсептешет. Азыр «Pfizer» вакцинасы жаңы штаммдарга каршы таасирдүү деп айтылса, «Moderna» вакцинасы изилденүүдө.

Акыркы бир нече жумада жаңы жана кооптуу штаммдар пайда болду. Эң кооптуу варианттар Британияда жана Түштүк Африкада аныкталган, башка өлкөлөрдө да пайда боло баштаган. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) АКШда жаңы штаммдар үстөмдүк кылат деп эсептейт.

Альберхт кошумчалагандай, учурда эксперттер «Moderna» вакцинасы жөнүндө маалымат күтүп жатышат, анын натыйжасы учурда текшерилүүдө. Адистер «Moderna» да жаңы варианттарга каршы таасирдүү болот деп болжошууда.

Иммундук жетишсиздиги бар жана кош бойлуу аялдарга эмдөө коопсузбу?

Жооп: Эки топтогу адамдарга тең коронавирус вакцинасын алуу сунушталат.

Өткөн жылдын декабрь айында Американын акушер-гинекологдор колледжи: «Коронавируска каршы эмдөөнү кош бойлуу аялдарда кечиктирбей, болочок энелерди эмдөөгө үндөө керек», — деп жарыялаган.

«Азырынча бул топто кандайдыр бир окуяларды көрө элекпиз. Тыянак чыгаруу үчүн кош бойлуу аялдардын эмдөөсү жетиштүү санда болгон жок», — деди Альберхт.

Кош бойлуу аялдар эмдөө тесттерине катышпайт. Бул — кадыресе көрүнүш. Учурда маалымат жетишсиз болгондуктан, адистер «вакцина алуу коркунучу анын пайдасынан ашып түшпөйт» деп эсептешет.

Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) иммундук жетишсиздиги бар адамдар үчүн коронавируска каршы вакцина алууну сунуштайт. Иммундук жетишсиздиги бар адамдардын арасында да терс таасирлер жана натыйжасын баалоо боюнча маалыматтар жок. Бирок ВИЧке чалдыккан адамдар коронавируска каршы вакцина сыноолоруна катышкан.

Иммундук жетишсиздиги барлар жана кош бойлуу аялдар эмдөөдөн өтүү же эмделбөө маселесин чечүүдө коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн экендигин унутпашы керек. Ошондой эле ар кандай маселени дарыгериңиз менен кеңешип чечкениңиз оң.

Кыйыр таасирлери кандай?

Жооп: Ийне сайган жерде оору, ысытма, баш оору пайда болушу — кадимки көрүнүш.

Вакцинанын терс таасирлери ар адамда ар башка. Көпчүлүк адамда терс таасири байкалбайт, бирок көпчүлүк эмдөөдөн бир нече күн өткөндөн кийин ийне сайылып жаткан жерде оору, баш оору, ысытма, булчуң оору жана алсыздыкка даттанышты. Жалпысынан алганда, эки дозадан турган вакцинанын экинчи дозадан кийинки терс таасирлердин болушу — кадыресе көрүнүш.

Күтүлүп жаткан терс таасирлер жөнүндө тынчсыздануунун кажети жок. Кантсе да, бул организмдин вакцинага болгон реакциясы.

«Организмдин вакцинага болгон иммундук реакциясы баш оору, ийне сайылган жерде оору, төмөнкү деңгээлдеги ысытма түрүндө сезгенүү болушу мүмкүн», — деди Стэнфорд университетинин педиатрдык-инфекциялык эпидемиологу Ивонна Малдонадо. Терс таасирлерин сезгенүүгө каршы дары-дармектер менен жоюуга болот.

Адистер коронавирусту изилдөөнү улантышууда. Макаладагы маалыматтар ушул кезге чейин жасалган эксперименттерге негизделген жана илимпоздор вирус жөнүндө жаңы маалыматтарды алган сайын өзгөрүшү мүмкүн.

Exit mobile version