Марал Радиосу

Ысык-Көл облусуна эки оорукана курулат

Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки оорукана курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министр Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарында Түп районундагы Санташ жана Кутургу айылына курула турган ооруканалардын пайдубалына капсула салды.

Жалпы суммасы 34 миллион сом деп белгиленген долбоор «Ас-Сафа» кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланат. Имарат ушул жылдын декабрь айында пайдаланууга берилет.