Марал Радиосу

«Дордой» базарынан өрт чыкты

«Дордой» базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, өрт 6-март күнү кечинде «Дордой» базарынын аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм, штаб жана атайын ыкчам топ, Ички иштер министрлигинен 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада жиберилген.

Өрт 7-мартка караган түнү, саат 00:01де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.