Марал Радиосу

Чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Чек ара кызматынын Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз мал өткөрүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жергесинде кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын жараны 1990-жылы туулган М.С.ны кармашкан, ал өткөрүү пунктунан тышкары жерден Өзбекстандын аймагына 10 баш майда мал айдап өтүүгө аракет кылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кармалган жандык малдын жалпы баасы 150 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана мал андан ары териштирүү үчүн тиешелүү кызмат адамдарына өткөрүлүп берилди.