Марал Радиосу

Байден Иранга каршы санкцияларын узартты

Американын президенти Жо Байден Иранга каршы санкциялар режимин узартты. Бул тууралуу Ак үйдөн маалымдагандыгын эл аралык басылмалар жазды.

Байдендин бул кадамы күтүлүп жаткандыгы айтылууда. 1995-жылы Американын мурдагы президенти Билл Клинтондун тушунда киргизилген санкциялар ушул мезгилге чейин жыл сайын узартылып, жаңы администрациялар тарабынан бир нече жолу өзгөртүлүп турган.

«Иран өкмөтүнүн иш-аракеттери жана саясаты, анын ичинде куралдарды жайылтуу, ракеталарды жана башка асимметриялык жана кадимки куралдарды иштеп чыгуу, регионалдык агрессия тармагы жана ал ушул багытта жүргүзүп жаткан кампаниялары, террористтерди колдоо жана алардын зыяндуу иш-аракеттери ушунун бардыгы улуттук коопсуздукка, тышкы саясатка жана АКШнын экономикасына коркунуч туудуруп келе жатат», — деп айтылат Байден кол койгон документте.

АКШ буга чейин Иранга Тегеран менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылган. Иран жаңы киргизилген санкциялар алынып салынмайынча сүйлөшүүдөн баш тарта тургандыгын билдирген.