Марал Радиосу

Салматтыкты сактоо министрлиги дары-дармек алуу үчүн тендер жарыялады

Саламаттык сактоо министрлиги шишикке каршы дарыларды, иммунотерапия, химиотерапия препараттарын алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 66 млн 297 миң сомду түзөт.

Аталган сумманын көпчүлүк бөлүгү көкүрөк рагы менен жабыркагандарга керектелүүчү дары-дармек алууга жумшалат.

Салматтыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, көкүрөк рагы менен ооругандар онкологиялык оорулардын ичинен биринчи орунда турат, жабыркагандар жалпы онкологиялык оорулардын 19,2 пайызын түзөт.