Марал Радиосу

«Интердин» мурунку оюнчусу кыргызстандык клуб үчүн ойнойт

«Алай» футболдук клубу «Интердин» мурунку оюнчусу Тиджани Белаид менен келишим түздү. Бул тууралуу клубдун директору Алмаз Сулайманов маалымдады.

Анын айтымында, миландык «Интердин» мурунку жарым коргоочусу менен контракт 3,5 айга түзүлгөн. Бүгүн, 6-мартта Белаиддин Ошко келери айтылган.

Тиджани Белаид 1987-жылдын 6-сентябрында Франциянын борбору Париж шаарында туулган. Спорттук карьерасын 2005-жылы баштаган. Буга чейин, «ПСВ», «Интер», «Славия Прага», «Африкэн» футболдук клубдарында ойногон.