Марал Радиосу

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү берген маалыматка караганда, ал башка ишке которулган.

Айбек Бузурманкулов Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, 2020-жылдын 14-октябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалган.