Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Малдыбаев эл аралык айтышта биринчи орунду алды

Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 939 | 1

Алматы шаарында студенттер арасында өткөн эл аралык айтышта кырызстандык акын Нурсултан Малдыбаев биринчиликти багындырды. Бул тууралуу төкмө акын Баян Акматов «Марал» радиосуна билдирди.

«Бул маанилүү нерсе. «Баланча депутат сууда сүзүптүр», — деген маанилүү эмес. Биз үчүн акын балабыздин биринчи орунду алганы маанилүү», — дейт Акматов.

Малдыбаев социалдык тармактагы баракчасына: «Жамбул Жабаевдин 175 жылдыгына карата өткөн студенттердин эл аралык айтышынын биринчи оруну бизге насип болуптур. Карантинге байланыштуу чек арадан өтө албай, онлайн айтышканга туура келди. Эки элдин айтыш өнөрү жашай берсин. Тек гана жакшылыктарда аман-эсен жүз көрүшөлү», — деп жазды.

Студенттер арасында өткөн эл аралык айтышка 18 казак акыны 2 кыргыз акыны катышкан.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбеков Арген

    08.03.2021 05:42

    Баракелде Нуке

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM