Марал Радиосу

Башмыйзамдын жаңы долбоорунда шайлоо системасы кандай каралган?

Быйыл 10-январда президенттик шайлоо менен бирге референдум да өткөрүлгөн. Анда кыргызстандыктар президенттик башкаруу формасын тандап, ага ылайык жаңы Конституция жазылмак. Учурда бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, кабыл алуу жараяны жүрүүдө. Элге маалымат берүү үчүн «Жалпы иш» коомдук фонду жыйын өткөрүп, Конституциянын жаңы долбооруна ылайык шайлоо тутумунун артыкчылыктарын жана кемчиликтерин айтып беришти. 

Кыргызстандын учурдагы Конституциясынын 70-беренесинде «Жогорку Кеңеш — өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдөө иш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган жана пропорционалдык система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайланган 120 депутаттан турат», — деп жазылган. Ал эми жаңы редакциясынын долбоорунун 76-беренесинде Жогорку Кеңештин 90 депутаттан турары, 5 жылдык мөөнөткө шайланары жана депутаттарды шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталары көрсөтүлгөн.

Баарына белгилүү болгондой, өлкөдө шайлоону уюштуруу – шайлоо тутумунан көз каранды. Шайлоо тутумдары үч негизги: мажоритардык, пропорционалдык жана аралаш түрдөн турат. «Жалпы иш» коомдук фондунун юристи Таалайбек Асылбеков ушул үч түрдүн артыкчылыктарын жана кемчиликтерин санап берди.

«Мажоритардык түрдүн артыкчылыктары: шайланган депутат тигил же бул райондун шайлоочулары жана калкы үчүн түздөн-түз жоопкерчилик тартат. Демек, тургундар депутат менен тыгыз байланышта болушат. Көз карандысыз талапкер белгилүү бир райондогу шайлоодо жеңишке жетише алат. Өзүнүн жетишкендиктери менен белгилүү болгон адам эч бир саясий партиянын колдоосуна муктаж эмес. Ал эми мунун кемчилиги: көпчүлүк райондордо эң күчтүү партиялар жеңишке жетип, парламентте пропорционалдуу эмес көбүрөөк орундарды алышат. Чакан партиялар парламентте таптакыр өкүлчүлүк албай калуу коркунучун жаратат. Пропорционалдуу системасынын артыкчылыгы: парламенттеги депутаттардын саны белгилүү бир партияны колдогон шайлоочулардын пайызын чагылдырат. Бул жагынан алганда, пропорционалдык система мажоритардык системага караганда калыс. А бирок башка жагы, шайлоочу конкреттүү адамга эмес, партиянын тизмесине добуш берет. Жаран аны парламентте так ким коргогонун түшүнбөйт. Шайланган депутат шайлоочуга эмес, биринчи кезекте аны тизмеге киргизген партияга жооп берет. Ал эми аралаш шайлоо тутумуна келсек, ал жерде мажоритардык жана пропорционалдык шайлоо тутумдарынын артыкчылыктары менен кемчиликтерин айкалышып турат. Бул саясий атаандаштыкты жандандырып, чакан жана орто партиялардын өкүлдөрүнүн парламентке келишине шарт түзөт». 

Учурдагы Конституцияга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн Президент, үчтөн бирин парламенттик көпчүлүк жана үчтөн бирин парламенттик азчылык, тагыраагы, оппозицияда калган фракциялар шайлайт. Ал эми жаңы редакцияланган долбоорго ылайык, Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн Президенттин сунушу жана өзүнүн демилгеси боюнча шайлап, мыйзамда каралган учурларда аларды бошотот.

Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Акылбек Сариев Конституцияга тиешелүү бир нече көйгөйдү атады.

«Бүгүнкү күндө биз Конституция менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Конституция бар деп коюп, кээде керек болгондо эле эстеп калабыз. Негизи баарыбыздын биринчи милдетибиз мыйзамдын талаптарын так аткаруу болуп саналат. Эгер ошол Конституцияда көрсөтүлгөн бардык талаптар так аткарылса, балким биздин жашообуз кыйла жеңилдеп калышы мүмкүн. Бирок тилекке каршы, кээ бир ченемдер, мыйзамдар чийки же карама каршы болуп калат. Ошондуктан аларды аткарбай койгонго мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат», — деди Сариев.

Жыйынтыгында «Жалпы иш» коомдук фонду Конституциянын жаңы долбоорундагы шайлоо системасы боюнча бир нече сунуштарды берди.  Маселен, БШКнын курамындагы оппозициялык азчылыкты жана жарандык сектор сыяктуу субъектилерди кеңейтүү зарыл. Ошондой эле мүмкүн болушунча көз карандысыздыкка жана калыстыкка жетүү үчүн БШКнын саясий бир тектүүлүгүн камсыз кылууга умтулуу керек.

Exit mobile version