Марал Радиосу

6-мартта аба ырайы туруктуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 6-мартта өлкөдө жаан-чачын болбойт. Ал эми түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +10…+15;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15;

Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+6;

Тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 суук, күндүз +10…+15 градус жылуу болот.