Марал Радиосу

588 баш малды мыйзамсыз алып киргендер аныкталды

Кыргыз-казак чек арасынан уруксат кагазы жок мал алып киргендер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аткезчилер бир аптанын ичинде Кыргызстандын аймагына 474 уйду жана 114 кой-эчкини коштоочу документтери жана салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты жок ташыган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилген.