Марал Радиосу

Жапаров Сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Кыргызстандын Сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Сот адилеттигине кызмат өтөөнүн ардактуу, ары оңой эмес миссиясы судьялардан жана сот кызматкерлеринен жогорку билим деңгээлин, тажрыйбаны жана өзгөчө жеке сапаттарды: ар-намысты, кадыр-баркты, ишке дили менен берилгендикти талап кылат. Сот бийлигинин аброю анын ар бир тепкичинин так иштеши, ар бир кызматкердин өз милдеттерин так аткарылышы менен түздөн-түз байланыштуу.

Коомчулукта азыркы сот тутумуна карата көптөгөн терс пикирлер айтылып жатканына карабастан, биздин судьялар корпусунда кесипкөй, чынчыл, ак ниет, абийирдүү жана кайраттуу адамдар чогулгандыгы жана ошондой эле ал адамдардын адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту жайылтуу боюнча журт алдындагы ыйык парзын мындан ары да ар-намыс менен аткарууга ниеттери күч экени тууралуу менде толук ишенич бар.

Андыктан, урматтуу судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери, бардыгыңыздарды бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, аманчылык каалайм.

Алла-Таалам ар дайым бардыгыңыздарга ыйман, кут-береке жана бакубат жашоо насип этсин!».

Exit mobile version