Биз менен байланышыңыз

Жайга чейин «Эркечтам» аркылуу Кытайдан жүк ташуу ишке кирет

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 1106 | 0

Азыркы учурда Кытайдан жүк ташуучу унааларды көбөйтүү максатында «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетине атайын аянтча курулуп жатат. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.

Анын пикиринде, логистикалык аянтча курулса, аталган өткөрмө пунктунан бир күндө 30га чейин жүк ташуучу унаанын өтүүсүнө шарт түзүлөт.

«Азыр мына ошол өткөрмө пункттан бир күндө 30га чейин унаа өтө тургандай шарт түзүлүп жатат. Негизи жайга чейин ишке кирип калышы мүмкүн. Иш кышка чейин башталып, бирок кар түшүп, токтоп калган. Жаз келсе, иштер кайра улантылат. Биздин маалымат боюнча негизи бүтөйүн деп эле калды. Ошол жер бүтүп калса, жүктөрдүн өтүү темпи көтөрүлөт. Ал түзүлүп бүткөндөн кийин «Торугарт» өткөрмө пунктун да карайбыз. Бирок ал жактын географиялык жайгашуусу ыңгайсыз болуп, логистикалык аянтча куруу үчүн жер аз болуп жатат». 

Алишеров ошондой эле, «Торугарт» өткөрмө пунктундагы шарттарды жакшыртуу үчүн Бажы кызматына жана Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, болгон алаканы жакшыртуу, мүмкүнчүлүктөрдү кароо боюнча Тышкы иштер министрлигине талап коюлгандыгын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Түркияны эсепке алганда, 5 мамлекет «Эркечтам» өткөрүү пункту аркылуу Кытайдын товарын алууга кызыкдар экендиги, аталган көзөмөл-өткөрмө бекети зор мүмкүнчүлүктөргө ээ жана аны колдонуу зарылдыгы айтылып келет. Атап айтканда, «Эркечтам» бекетинен Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Ооганстанга жүк ташууга болот жана бардык мамлекеттер ага кызыкдар.

Copyright © 2017 Maral FM