Марал Радиосу

Ош облусунан жасалма доллар саткан жаран кармалды (видео)

Ош облусунун Өзгөн районунан жасалма АКШ долларын сатууга аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ИИМдин криминалдык милиция кызматына Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында белгисиз адам доллар жасап сатуу менен алектенет деген билдирүү түшкөн. Айтылган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Ош шаардык тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Атайын жүргүзүлгөн операциянын негизинде ИИМдин кызматкерлери Өзгөн районунан жасалма 17 миң 500 жасалма долларды 5 миң накта долларга алмаштырууга аракет кылган ушул эле райондун 1986-жылы туулган тургунун колго түшүрүшкөн.

Факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.