Марал Радиосу

Жалал-Абад облусунда үч айлык ишембилик башталат

Жалал-Абад облусунда 5-марттан тарта айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды архитектуралык талапка ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы башталат. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өнөктүктүн алкагында көчөлөргө, аллеяларга, эс алуу жайларына бак-дарак, гүл отургузуу, арык-каналдарды тазалоо, аймактарды таштандылардан арылтуу сыяктуу иштер аткарылат. Ишембиликти уюштуруу жана көзөмөлгө алуу үчүн жер-жерлерде атайын штабдар түзүлөт.

Облус жетекчилиги элди өздөрү жашаган аймакта жана мекеме-ишканаларга бөлүнгөн жайларда жума сайын өтүүчү ишембиликтерге активдүү катышууга чакырып өткөн.