Марал Радиосу

Бишкек: 6-7-мартта азык-түлүк жарманкеси өтөт

6-7-мартта Бишкек шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Жарманке Бишкектин үч аймагында: 12-кичи райондо — А. Токомбаев – Н. Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде; И. Раззаков көчөсүнүн Киев – Токтогул көчөлөрү бөлүгүндө; Т. Айтматов – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Анда уй эти – 390-405 сомдон, жылкы эти – 380-390 сомдон, кой эти – 400-405 сомдон, тоок эти – 200-210 сомдон, өсүмдүк майы – 120-125 сомдон, жумуртка – 90-95 сомдон, үй жумурткасы – 90-100 сомдон, кумшекер – 55-57 сомдон, күрүч – 55-60 сомдон, алма — 30-50 сомдон, сабиз – 12-15 сомдон, картошка – 22-25 сомдон, пияз – 15-16 сомдон сатыкка коюлат.

0(704) 25-25-55; 0(222) 55-55-21; 0(500) 04-80-49 номурлары аркылуу кошумча маалымат алууга болот.