Марал Радиосу

Аксы районунда 6 адам ичимдикке ууланып каза болду

Аксы районунда алты адам ууланып каза тапты. Бул маалыматты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Дөөлөтбек Миңбаев ырастады.

Маалыматка караганда, ооругандар Аксы аймактык ооруканасына кайрылган. Башында үч адам каза болгону айтылган, азыр бул көрсөткүч алты адамга жеткени маалым болду.

Алдын ала маалымат боюнча, ооруканага кайрылгандар спирт ичимдигинен ууланган.