Марал Радиосу

Коронавирустан каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бир суткада коронавирус 54 адамдан табылып, 57 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 кишиден коронавирус табылган.

Айыгып чыккандарды аймактар боюнча алсак:

Бишкек – 27, Ош облусу – 2, Чүй облусу – 15, Ош шаары — 2, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 5, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 2 киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 368 бейтап, амбулатордук түрдө 258 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде үй карантининен 4 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 190 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 410 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 375 киши айыгып чыкса, 1 миң 468 адам каза болду.

Exit mobile version