Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна эки өлкө каршы»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2021 | 8527 | 2

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна Казакстан менен Орусия каршы. Анткени жол курулса, товарлардын басымдуу бөлүгү Кыргызстан аркылуу кетет. Мындай пикирин Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, темир жолду курууга Орусия менен Казакстандын макулдугу жок. Алар оюн түз айтпай, ар кандай саясаттар менен Кыргызстандын жолун тороп жатат.

Бирок бул долбоордун ишке ашуусун күтүп отурбай, темир жол транспортун өнүктүрүү зарыл. Анткени Кыргызстан жүктөрдүн 98 пайызын унаа жолу аркылуу ташыйт жана бул багытта Казакстанга көз каранды.

Шабданалиев мындан сырткары, дүң базарлардын келечеги жок экенин, анткени логистикалык борборлор ачылып жатканын белгиледи.

«Учурда «Дордой» логистикалык борбордун функциясын аткарып жатат. Мындан сырткары электрондук соодага өтүп жатышат», — дейт Шабданалиев.

2 пикир

2 пикир

  1. Таштанай

    05.03.2021 00:42

    Урматтуу Эл башчылар карапайым калктын камвн качан коросуздор? Эркечтамды жакшы иштетип биздин тшкерлердин элдин камын корунуздор!Эл сел иштоктоп баратат!!!

    • Тилек

      05.03.2021 13:25

      Эн туура. Казак мн Орустар биздин ашарга коз каранды болуп жашашыбызды каалайт Кытай Кыргызстан Озбекстан жолун ойлонбой кечиктирбей салыш крк.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM