Марал Радиосу

Референдумду дайындоого эл өкүлдөрү кандай добуш берди? (тизме)

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам биринчи окууда кабыл алынды.

Жыйынга катышкан 96 депутаттын 87си долбоорду колдоп, 9у каршы добуш беришти. Парламенттин расмий сайты эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү боюнча маалыматты жарыялады.

Документ экинчи жана үчүнчү окуудан колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат.

Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.