Индонезиянын Суматра аралындагы Синабунг жанар тоосу атылып, түтүнү жана күлү 5 чакырым бийиктикке көтөрүлдү.
Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок, бирок жергиликтүү бийлик жанар тоого 3 километр жакын аралыкта жашаган адамдарга үйлөрүн таштап кетүүнү сунуш кылды.
Жанар тоо 2010-жылы козголуп, бир нече ирет ири жана майда силкинүүлөрү болуп келген. Окумуштуулардын божомолунда, ал 400 жылдан ашуун убакыттан бери «уктап» жаткан.