Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Намангандын акиминен соң, Бухаранын акими да контейнерде жашоону чечти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 587 | 0

1-мартта Алат районуна иш сапар менен барган Бухара облусунун башчысы Ботир Зарипов Давлатбой айылындагы контейнерге токтоду. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Зарипов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, активисттер менен жолугуп, мектептерди кыдырды.

Расмий маалыматка караганда, Ботир Зарипов 1-марттан баштап Давлатбой айылындагы көчмө штабда ишин улантат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өткөн айда Наманганга барып, аткаруу бийлигинин ишин сынга алган. Мындан соң облус губернатору Шавкат Абдураззаков Бунёдкор айылынын жашоочулары менен жолугуп, контейнер орнотуп, абал жакшырганга чейин да ушул айылда жашай турганын билдирген.

Мирзиёевдин сынынан соң, айылга көчүп барган акимдин контейнер үйү (фото)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM