Марал Радиосу

Акыл Кемелов ант берип, депутаттык кызматка киришти

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов ант берип, кызматка киришти. 25-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы ага күбөлүк жана төш белги тапшырган.

Акыл Кемелов «Республика – Ата журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинде болчу. Ал мандатын тапшырган Максат Сабировдун ордуна келди.

Акыл Кемелов — 36 жашта. 2016-жылы Ысык-Көлдөгү «Кулатуу эр таймаш WEF» федерациясынын президенти болгон.