Биз менен байланышыңыз

АКШ менен Евробиримдик орусиялыктарга карата санкцияларын жандантты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 422 | 0

2-мартта АКШнын артынан Евробиримдик да орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды ууландыруу окуясына байланыштуу Орусиядагы бир нече чиновникке санкция жарыялады. Навальныйды ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (орусчасы — ФСБ) өкүлдөрү турган деген жүйө менен чектөөлөрдү киргизүүдө.

Маалыматка караганда, Орусиянын Башкы прокурору Игорь Краснов, Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин, Жаза аткаруу федералдык кызматынын башчысы Александр Калашников жана Росгвардиянын командири Виктор Золотов санкциялардын тизмесине киргизилген.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай кадамдарга Москва жооп кайтарарын эскертти.

Оппозиционер 2020-жылдын 20-августунда Томскиден Москвага баратканда эс-учун жоготуп, учак Омскиге чукул конгон. Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Германиядагы клиникага которулган. Ал эсине 19 күндөн кийин гана келген. Орусиялык дарыгерлер ууландыруу версиясын жокко чыгарышкан. Ал эми германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальныйдын аскердик «Новичок» тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныкташкан.

Декабрдын аягында «Bellingcat» иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.

Навальный 17-январда Германиядан келгенден кийин камакка алынган. 19-январда оппозициянын лидери «Матросская Тишинанын» убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  Москва соту анын камалышын мыйзамдуу деп таап, 3 жарым жылдык абак жазасын чектеген. Навальныйдын мурда да шарттуу камакта отурганы эске алынып, 1 жылы кыскартылган. Соттун камакка алуу өкүмү чыккандан кийин убактылуу кармоочу жайдан колонияга которулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM